Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:08

"Арзан турак жай" программасынын иши тууралуу маалымат берилет


12-июлда өкмөт үйүндө өтчү маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилери "Арзан турак жай" программасынын алкагында жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып беришет. Ошондой эле журналисттер буга чейин компания тарабынан берилген ипотекалык насыялардын саны, жаңы кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамдын шарттары жөнүндө маалымат алышат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Мамлекеттик ипотекалык компания быйылкы жылдын экинчи жарымында аткарылуучу иштери жана "эконом-класс" тибиндеги турак жайдын курулушу боюнча да маалыматтар менен бөлүшмөкчү.

Жеңилдетилген шартта мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай насыясын алуу алгач бюджеттик мекемеде иштегендер үчүн гана каралса, азыр мындай укукту бардык жарандарга берүү керектиги айтылууда.

Өткөн жылы өкмөт «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын кабыл алган. Буга чейин программанын миңден ашуун катышуучусуна жылына 10-12% үстөк менен 1 млрд 28 млн сом бөлүнүп берилгени айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG