Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Шайлоону өткөрүүгө 479 миллион сом бөлүндү


БШК
БШК

Кыргызстанда президенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө бюджеттен 479, 6 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев шайлоону өткөрүүгө даярдык боюнча өкмөттүн штабында билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 471 миллион сому өлкө аймагындагы шайлоону өткөрүүгө, ал эми 8,2 миллион сому чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун уюштурууга жумшалат.

Касымалиев бул каражат шайлоо эки айлампа менен өтүп калган учурда жетерин белгиледи.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев бардык мамлекеттик органдарга шайлоону мыйзам чегинде жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүгө даярдык көрүүнү тапшырды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 25 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын ичинен 21 адам өзүн өзү көрсөтсө, төрт жаранды саясий партиялар көрсөткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG