Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:50

АКШ Орусиянын дипмүлктөрүн камактан чыгарышы мүмкүн


Орусиянын Мэриленддеги дипкеңсеси

Эгер Москва Сириядагы ок атышпоо режимин сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарса, Орусиянын дипломатиялык мүлктөрү камактан чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу CNN телеканалына маегинде АКШ президентинин кеңешчисинин орун басары Себастьян Горка билдирди.

Кошмо Штаттардын Мамкатчысынын орун басары Том Шеннон 17-июлда орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен Вашингтондо жолугары күтүлүүдө. Экөө талкуулачу маселелердин арасында дипмүлктөрдү кайтаруу да бар делет.

Июнь айында АКШ Украинадагы агрессиясына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды жарыялагандан кийин Москва Шеннон-Рябков жолугушуусун токтотуп салган эле.

Кошмо Штаттары Орусиянын Нью-Йорк жана Мэриленддеги дипломатиялык комплексин 2016-жылдын аягында жапкан. Буга кошо 35 орусиялык дипломатты аймагынан чыгарган. Орусия убагында буга жооп берген эмес. Бирок 14-июлда орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова бул маселе азыр каралып жатканын билдирди. «Москвада америкалык дипкызматкерлердин саны өтө көп» деп, алардын айрымдарын өлкөдөн чыгаруу жооп варианттарынын бири экенин айтты.

XS
SM
MD
LG