Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:51

Варшавада оппозиция сот реформасына каршы митинг өткөрдү


Варшава

Польшада бийлик сунуштап жаткан сот реформасына каршы нааразылык акциясы өттү. Борбор шаар Варшавада ишемби күнү жүздөгөн адам колуна "Эркиндик! Теңдик! Биримдик!" деген жазууларды кармап, көчөгө чыкты.

Оппозиция өкүлдөрү сенатта кабыл алынган эки мыйзам долбооруна каршы экенин, себеби алар башкаруучу консерваторлор партиясы тарабынан өлкөдөгү бийликти бөлүштүрүү принцибин бузушуна бул мыйзам долбоорлору шарт түзөт деген оюн билдиришти. Бир мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары депутаттар менен адилет (юстиция) министри өздөрү эле сот бийлигинин өкүлдөрүнөн сурап отурбастан сотторду дайындоо укугуна ээ болмок.

Президенттик сарайдын жанына чогулган демонстранттар мамлекет башчы Анжей Дуданы бул мыйзам долбоорлоруна вето коюуга үндөштү.

Акцияны солчул оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү уюштурганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG