Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:31

Бишкек шаардык прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Асан Кангелдиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти. Буга чейин шаар прокурорунун орун басары кызматын аркалаган Кангелдиев өткөн аптада ээлеген кызматынан бошотулган Кубанычбек Бейшекеевдин ордуна келди.

Башкы көзөмөл органы Бейшекеев пенсияга чыккандыгын жүйө келтирип, кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазганын кабарлаган.

63 жаштагы Кубанычбек Бейшекеев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана ушул эле партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде мамлекеттик айыптоочу болгону менен белгилүү. Ал аталган иш саясий эмес экенин айтып, президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары чакырууга каршы болуп келген. Бейшекеев бул кызматка башкы прокурор Индира Жолдубаеванын буйругу менен 2016-жылдын 21-июлунда дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG