Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Токтакунова: Текебаевди айыптаган орус жаранынын көрсөтмөсү далилсиз


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо уланууда. Бүгүн жараян иштин материалдарын териштирүү менен уланды.

Орусиялык ишкер Алексей Модиндин 2010-жылдын 13-майында жана 21-декабрында Бишкекке учуп келгени тууралуу далилдер жок экенин "Азаттык" радиосуна Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди:

- Паспортунда да белги жок. Манифест боюнча да анын Бишкекке келгени тастыкталган жок.

Модин өз көрсөтмөлөрүндө ошол күндөрү Бишкекте болгонун, соттолуучулар менен жолукканын айткан.

Февраль айынан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Текебаевдин тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Ишти козгогон Башкы прокуратура саясатка аралашпай турганын билдирип келет. 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып Башкы прокурор Индира Жолдубаева прокуратура мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG