Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Орусия Сирияда үчүнчү коопсуздук зонасы түзүлгөнүн билдирди


Сириянын Хомс шаары.
Сириянын Хомс шаары.

Орусиянын коргоо министрлиги Сирия оппозициясы менен Хомс шаарында жаңы коопсуздук зонасын түзүү тууралуу макулдашылганын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Игорь Конашенков ок атышпоо бүгүн түшкү саат 12де күчүнө кирип жатканын айтты:

- Каирдеги жолугушуунун жыйынтыгында Хомстун түндүгүндө үчүнчү деэскалация тилкесин түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Зона 147 миңдей киши жашаган 84 конушту камтыйт. Сириянын байистүү оппозициясы жана өкмөттүк күчтөр куралдын бардык түрлөрүнөн ок чыгарууну токтотууда.

Хомс провинциясынын түндүк бөлүктөрү жакында Сирия армиясынын аткылоолоруна, ошондой эле сириялык жана орусиялык учактардын аба соккуларына туш болгон.

Орусия сунуш кылган план боюнча төрт деэскалация зонасы түзүлмөкчү. Конашенковдун айтымында, түштүк-чыгышта жана Дамасктын айланасындагы тилкелер ”ийгиликтүү иштеп жатат”.

Төртүнчүсү Идлибде түзүлмөк, бирок Түркиянын зонанын чек аралары боюнча каршылыгынан улам, ал долбоор ишке ашырыла элек.

2011-жылы башталган жарандык согуш Сирияда жүз миңдеген кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG