Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Өзгөн шаарында үч турак жай өрттөнүп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, өрт Ош облусунун Өзгөн шаарындагы Момунов көчөсүндө 3-августта түнкү саат 9:00 чамасы чыккан.

Аны өчүрүүгө үч топ тартылып, үч сааттан кийин өчүрүлгөн. Өрттөн эки дүкөн жана бир үй күйүп кетти. Киши өмүрүнө зыян келтирилген жок. Тилсиз жоонун себеби жана чыгымы такталууда.

29-июлда да Өзгөндөгү борбордук базарда өрт чыгып, 200дөн ашык күркө өрттөнүп кеткен болчу.

31-июлда Кара-Суу районундагы Жийделик айылында, Хаким ажы көчөсүндөгү тилсиз жоодон катар жайгашкан төрт турак жай өрттөнгөн. Өрттүн себептери азырынча жарыялана элек. (NT)

XS
SM
MD
LG