Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 7-августта жөнөйт


Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 7-августта жөнөйт.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, ажыга зыяратка барчулардын алгачкы тобу визаларды алышты.

Биринчи үч каттам Бишкектен учат. Андан кийин Ош шаарынан он эки каттам ишке ашырылат.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 4585 орун бөлүп берген. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, зыяратка барчулардын дээрлик баары менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүштү. Зыяратчыларды ташуу боюнча тендерде Сауд Арабиянын “Флай Нас” авиакомпаниясы утуп алганын муфтият маалымдаган. Ажылыктын баасы 2760 доллар деп чечилген. (NT)

XS
SM
MD
LG