Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Адвокат: Садыр Жапаровдун тарапкерлери мыйзамсыз камалып жатат


Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту аяктап баратат. Кечээ соттолуучулар суралып, иштин материалдары изилденип бүттү. Эми 14-августта жарыш сөз башталат.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан сот жараянындагы адвокат Шарабидин Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, кечээ ал соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү, бирок сот бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты:

- Бирок аларды уруп-сабаган адамдардын эч кимисине чара көрүлгөн эмес. Булар бир тараптуу, мыйзамсыз жана негизсиз камалып жатканы бүгүнкү сот отурумунда толук далилденди.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган жана УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын 12 камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

2-августта Жапаров Кылмыш кодексинин “бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди. (RK)

XS
SM
MD
LG