8-августта Тажикстандын мамлекеттик телеканалы 90-жылдардагы жарандык согушка байланыштуу документалдуу фильм көрсөтүп, анда Иранды террорчуларды каржылоого айыптады.
Фильмде Тажикстандагы белгилүү саясатчыларды, окумуштууларды жана журналисттерди өлтүрүү да Ирандын каржылык колдоосу жана Тажикстандын мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын тапшырмасы менен ишке ашып турган делет. Анда Назарзоданын азыр камактагы үч шериги көрсөтмө беришкен. Алар 90-жылдары Ирандын Кум, Гурган, Мешхед жана Тегеран шаарларында атайын даярдыктан өтүп, ал жактын паспортун алышканын айтып жатышат.
Расмий Тегеран азырынча буга реакция жасай элек. Бирок Ирандын Тажикстандагы элчилиги "Жетекчилик жакын арада бул фильмди көрүп чыгып, талкууга алат. Мындай жалган маалымат кайдан алынганын жана аны ким бергенин такташыбыз керек" - деп "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришти.
Абдухалим Назарзода 2015-жылы өлкөсүндө куралдуу козголоң уюштурууга айыпталып, аны басуу учурунда өлтүрүлгөн.