Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

КСДПнын саясий кеңеши эки мүчөсүн партиядан четтетти


КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов.
КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши 9-августта жыйынга чогулуп, бир катар маселелер боюнча чечим кабыл алганын партиянын маалымат кызматы кабарлады. Саясий кеңеш партия мүчөлөрү Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудиновду КСДПнын катарынан чыгарган. Буга Абдрахмановдун партиянын чечимине баш ийбей президенттикке талапкер катары чыкканы, Ренат Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы себеп болгону айтылат.

КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов болсо, партиянын ишин кескин сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын билдирүүдө.

Жыйында мындан тышкары КСДПнын секретариаты түзүлүп, ага жетекчи болуп партиянын 2007-жылдан берки мүчөсү Таалайбек Усубалиев шайланган.

КСДПнын саясий кеңеши 38 кишиден турат. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, парламент спикери Чыныбай Турсунбеков баштаган адамдар мүчө.

XS
SM
MD
LG