Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

АКШда атайын прокурор Ак үйдөгү аткаминерлер менен жолугат


Роберт Мюллер
Роберт Мюллер

Атайын прокурор Роберт Мюллер Ак үйдөгү азыркы жана мурдагы жогорку даражалуу аткаминерлер менен жолугуу ниетин билдирди.

Мюллер 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын аралашканын иликтеген топту жетектейт. The New York Times гезити атайын прокурор бир нече кишиге суроо берүү үчүн Ак үй менен сүйлөшүп жатканын жазып чыкты. Мюллер кызыккан адамдардын арасында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Райнс Прибус дагы бар.

Мюллер эмне себептен президент Трамп ФБРдин башчысы Жеймс Комини кызматтан алганын дагы иликтөөнү көздөйт.

Атайын прокурордун өкүлдөрү жана Ак үй бул маалымат боюнча азырынча эч кандай сөз айтыша элек.

Бир нече күн мурун Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорттун үйүндө тинтүү жүргөнү тууралуу кабар тараган.

XS
SM
MD
LG