Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Сербиянын ТИМ башчысы Косовону бөлүү демилгесин сунуш кылды


Косово жана Сербиянын лидерлери менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча катчысы Федерика Могерини. 25.01.2017
Косово жана Сербиянын лидерлери менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча катчысы Федерика Могерини. 25.01.2017

Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич Косовону бөлүү демилгесин сунуш кылды. Ал муну Белград Европа биримдигине мүчө болууга аракет жасап жатканына байланыштуу Сербиядан бөлүнүп чыккан аталган провинциянын тегерегиндеги конфликттик кырдаалды жөнгө салуунун жолу деп атоодо.

Өзүнүн планын Дачич өкмөттүк Novosti гезитине жарыялады. Министрдин белгилешинче, Косовонун сербдер басымдуулук кылган түндүк бөлүгү Сербиянын карамагына өтүшү керек.

Ошону менен катар ал Косоводо кала турган сербдерге кеңири автономия берилиши зарылдыгын, ал эми анын аймагындагы байыркы диний жайларга өзгөчө макам берилиши керектигин айтууда.

Косовонун тышкы иштер министри Энвер Ходжай бул идеяны “кооптуу жана ылайыксыз” деп атап, четке какты.

Косоволук албандардын көпчүлүгү серб муниципалитеттерине автономия макамын берүү Белграддын таасирин күчөтөт деп каршы чыгып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG