Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Өзбекстан 50 миң сумдук банкнотту колдонууга чыгарат


Өзбекстандын азыр колдонуудагы эң чоң банкноту 10 миң сум.
Өзбекстандын азыр колдонуудагы эң чоң банкноту 10 миң сум.

Өзбекстандын Борбордук банкы 50 миң сумдук банкнотту жүгүртүүгө чыгаруу чечимин күнүмдүк накталай төлөмдөрдү жеңилдетүү деп түшүндүрдү.

Борбордук банктын жарыясына караганда жаңы банкнот 22-августтан тарта колдонула баштайт.

Акча алмашуунун Өзбекстандагы расмий курсу боюнча 50 миң сум 12 долларга, ал эми көмүскө базардагы курс боюнча 7 долларга барабар.

Өзбекстандын азыр колдонуудагы эң чоң банкноту 10 миң сум. Ал жүгүртүүгө быйыл жыл башында киргизилген.(UE)

XS
SM
MD
LG