Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Армениялык өрт өчүрүүчүлөргө жардамга орусиялык учак жөнөтүлдү


Армениянын Хосров коругундагы өрт өчүрүү аракеттерине орусиялык аба танкери кошулду. 12-августта башталган өрт жүздөгөн гектар аянтты чалды. Армениялык куткаруучуларга жардамга Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги Ил-76 учагын жөнөткөн. "Дүйнөдөгү эң чоң аба танкери күйүп жаткан токойду алты жолу айланып, 250 тонна суу чачты" - деп кабарлайт ТАСС агенттиги. Армениянын жаратылышты коргоо министри Арцвик Минасян өрт корукка өтө чоң зыян алып келгенин билдирди.

Ал эми ТАСС Жапайы табият фондунун маалыматына таянып, 2,73 гектар жашыл аянтты от жалмаганын жазат.

XS
SM
MD
LG