Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Бишкектеги жол кырсыгына мас абалындагы милиционер күнөөлүү болуп чыкты


Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири. (Архив).
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири. (Архив).

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов (Тынчтык) проспектиси жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн эртең мененки саат 6лар чамасында болгон жол кырсыгына күнөөлүү Toyota Windom​ үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу мас абалындагы милиция кызматкери экени аныкталды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 28 жаштагы айдоочу Бишкектин Ленин РИИБде иштейт. Милициянын старшинасы. Ички иштер органында 2011-жылы ишке кирген. Ал кармалгандан кийин ичимдик ичип алып рулга отурганын моюнга алган.

Бүгүн эртең менен Айтматов проспектиси менен бараткан Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа Горький көчөсү менен кесилишкен жердеги жол чыракта токтоп турган Mazda машинесин сүзгөн. Соккудан Mazda башка автоунаалар менен кагылышкан. Жалпы беш машине сүзүшкөн. Кандуу окуядан Mazda автоунаасынын 43 жаштагы айдоочусу жана анын ичиндеги 27 жаштагы жаран каза тапкан. Башка автоунаалардагы үч адам жеңил жараат алган. Азыр милиция кызматкеринин автоунаасы айып жайга киргизилген.

- Соттук-медициналык-экспертиза дайындалып жатат. Жол кырсыгы боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун жана транспорт каражаттарын башкаруу эрежелерин бузуу) боюнча иш козголду, - деди Адыл Оморов.

Кырсыкка себепкер болгон милиция кызматкери учурда убактылуу кармоочу жайда камакта. Иликтөө уланууда. Шаардык ички иштер башкармалыгы бул кызматкер жана анын жетекчилери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштаганы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG