Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Ислам Каримовго Ташкентте жана Самаркандда эстелик коюлду


Маркум Ислам Каримовго жасалган эстеликтердин бири.
Маркум Ислам Каримовго жасалган эстеликтердин бири.

Өзбекстандык Kun.uz деген интернет басылмасынын маалыматына караганда, Ташкенттеги эстелик Ислам Каримов бир кезде отурган “Оксарой” резиденциясынын алдына коюлду.

Бул үчүн атайын жарыяланган сынакты Амир Темирдин өзбек борборундагы эстелигинин автору, белгилүү скульптор Ильхом Жаббаров жеңип алган.

Ошол эле Kun.uz интернет басылмасы маалымдагандай, Самаркандда Ислам Каримовдун эстелиги Регистан аянтынан алыс эмес, мурдагы “Жолборстор багынын” аймагына коюлду. Ал эстеликтин бийиктиги 5,8 постаменти 5,5 метр.

Самарканддагы эстеликтин ачылышы 25-августта болот деп күтүлүүдө. Алдыдагы күндөрү мурдагы президенттин дагы бир эстелиги Карши (Кашкадарыя облусу) шаарынын борборуна коюлат деген да маалымат бар.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов былтыр 2-сентябрда дүйнөдөн өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG