Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

АКШда Ооганстан боюнча жаңы стратегия каралат


АКШ Коргоо министри Жим Мэттис Кабулга барган учур. 24-апрель, 2017-жыл.
АКШ Коргоо министри Жим Мэттис Кабулга барган учур. 24-апрель, 2017-жыл.

Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча жаңы стратегияны президент Дональд Трамп бүгүн Вашингтондун четиндеги Кэмп Дэвид резиденциясында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен карап, талкуулары күтүлүүдө.

Коргоо министри Жим Мэттистин 17-августта билдиргенине караганда, бир нече айга созулган дебаттардан кийин АКШ администрациясы Ооганстанда 16 жылга созулган жана Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак согуштагы уруштарга жаңыча мамиле жасоо боюнча чечимге жетишти.

Мэттис жаңы стратегиянын чоо-жайын ачык айткан жок, бирок ал “эң жакынкы келечекте” анык болорун белгиледи.

Президент Дональд Трамп быйыл июнь айында Ооганстандагы аскерлердин санын белгилөө укугун коргоо министри Мэттиске берген.

Америкалык медиа ал аскерлердин санын азыркыдан 4000ге көбөйтүүнү сунуштаганын маалымдашкан.

2010-2011-жылдары АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңге чейин жеткен эле.

Ал эми 2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылган соң азыр 8400дөй америкалык аскер калган.

Мындан сырткары АКШнын атайын күчтөрүнүн “Талибанга” жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүгө багытталган 2000дей аскери да бар.

Буга кошумча азыр Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнөн да 5000дей жоокер турат.

АКШ быйыл жыл башында өзү даярдаган баяндамада Талибан Ооганстандын 40% аймагын көзөмөлдөп же көзөмөлдөөнү талашып жатканы көргөзүлгөн. Соңку кездери ооган коопсуздук күчтөрү өлкө аймагында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин туруму чыңдалып бара жатканына да күбө болууда. (UE)

XS
SM
MD
LG