Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Текебаевдин абакта сынак тапшыруусу боюнча түшүндүрмө берилди


Текебаевдин сынак тапшыруу мөөнөтү атайын өкүлүнүн арызы менен жылган. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, талапкерлерден түшкөн арызга жараша тестирлөөнүн жадыбалы түзүлгөн. "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев экинчи болуп президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз бергендиктен, жадыбал боюнча ал оболу сынак башталган күнү тест тапшырчулардын катарына кошулган. Бирок депутаттын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызына ылайык белгисиз мөөнөткө жылган:

- Тизмеге ылайык, алгач Өмүрбек Текебаев тесттен өтүү графигине 26-июлга киргизилген. Бирок Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбеков 25-июлда атайын кат менен кайрылган. Ал киши кайрылуусунда Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин тесттен өтүү графигин белгисиз мөөнөткө жылдырууну суранган. Буга байланыштуу тестирлөө белгисиз мөөнөткө коюлган. Андан кийин 11-августта Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жана УКМКга Текебаевди убактылуу кармоочу жайдан тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тестирлөөнү өткөрүү жерин аныктоого укуктуубуз. Ошондуктан УКМК менен айрым жагдайларды, мисалы, компьютерди киргизүү, интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерин такташтык. Ушундан кийин Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн бланктык тестирлөө тандалып алынды.

Кыргызстандын Мамлекеттик тил комиссиясы атайын кызматтын тергөө абагында отурган Өмүрбек Текебаевди "Кыргызтесттен" 17-августта өткөргөнү, анда депутат 93,75 упай топтоп, сынактан өткөнү кабарланган. Буга чейин Боршайком Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүү үчүн тест тапшырууга шарт түзүп берүүдөн баш тарткан эле.

​Оппозициячыл саясатчы Текебаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго биринчилерден болуп арызын жазган. Талапкер деген макам кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, аны тастыктап, 1 миллион сом күрөө койгондорго берилет. Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы көпчүлүк добуш менен Өмүрбек Текебаев тапшырган 30 миңден ашуун адамдын колу коюлган тизмени жараксыз деп тапкан.

Коррупция, алдамчылык доосу коюлган Өмүрбек Текебаев февраль айынан бери УКМКда камакта отурат. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты жана аны менен кошо айыпталып жаткан мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Партиялаштары, тарапкерлери сот өкүмүн адилетсиз деп баалап, аларды толук актоону талап кылышууда. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG