Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Bloomberg: Трамптын күйөө баласы орусиялык ишкер менен жолуккан


 Жаред Кушнер жана Иванка Трамп
Жаред Кушнер жана Иванка Трамп

Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана анын аялы Иванка Трамп орусиялык ишкер Роман Абрамович жана анын жубайы Дарья Жукова менен бир нече жолу жолуккан. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Ак үйгө жакын булактарга таянып маалымдады.

Маалыматка ылайык, президент Трамптын кызы менен күйөө баласы Абрамович менен Орусияда жана АКШда бир катар иш-чараларда жолуккан. Бул тууралуу маалыматты Кушнер менен Иванка Трамп Ак үй кызматкерлери толтурчу анкетага жазышкан. Агенттиктин булагы бул жолугушуулар президенттик шайлоого тиешеси жоктугун да маалымдаган.

Мурдараак айрым басылмалар Абрамовичтин аялы орусиялык өкүлдөр менен Трамптын шайлоо командасын жолугуштуруусу ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Жукованын чөйрөсү бул маалыматты төгүндөп келет.
АКШда өткөн жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүү ыктымалдыгы иликтенүүдө.

Август айынын башында АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер "орус изин" иликтөө боюнча ири сот кеңешчилерин чакырган. Мюллер Трамптын штабы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду утуп чыгуу үчүн Кремл менен кызматташканынын чын-бышыгын аныктоодо.

XS
SM
MD
LG