Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Автоунаа, жер жана турак жай салыгын төлөөгө кошумча күн берилет


Автоунаа жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктарына аз убакыт калганда Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө 26-август ишемби күнү да мүмкүнчүлүк берүүнү чечти.

26-август өлкө аймагындагы бардык салык мекемелеринде иш күн болуп жарыяланды. Мындан тышкары, аймактык кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат.

Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, иштин өзгөчө режими автоунаа, жер жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтүнүн аякташы майрам күндөрүнө туш келип жатканына байланыштуу киргизилди.

Кабыл алуу бардык салык органдарында эртең мененки саат 9дан кечки 17ге чейин болот.

Салык мыйзамдарына ылайык, жыл сайын 1-сентябрга чейин автоунаа, 2-сентябрга чейин жер жана турак жайларга салык төлөнүп бүтүүсү зарыл. Аны өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күнү үчүн туум кошуп эсептелет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG