Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Санитардык көзөмөл кызматы базарларга эскертүү берди


Тиш протездөөчү жеке жайлардын бириндеги көрүнүш
Тиш протездөөчү жеке жайлардын бириндеги көрүнүш

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы жугуштуу оорулардын күч алып кетүүсүн алдын алуу үчүн Бишкектеги бардык базарларга эскертүү берип, талапка жооп бербеген жайларды медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге ижарага бербөөнү талап кылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындай эскертүүлөр жыл сайын берилип турат.

Ошондой эле санитардык көзөмөл кызматы райондук акимчиликтердин, базар жетекчилеринин жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлеринин катышуусунда жеке медициналык борборлорго текшерүү жүргүзүп турат. Өткөн жылы мындай текшерүүлөрдүн натыйжасында 42 жеке медициналык борборду жабууга сунуш берилген. Жыл башынан бери лицензиясы жок, талаптарга жооп бербеген 25 борборду жабуу сунушталган. Айрымдарына айыппул салынган.

Жакынкы күндөрү дагы текшерүүлөр максат кылынууда.

23-августта саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Ош базарынын айланасындагы жеке медициналык борборлордун иши менен таанышып, көпчүлүгү талапка жооп бербеген шартта иштеп жатышканына нааразылыгын билдирген.

Жеке медициналык борборлорго ишмердик кылууга лицензияны Саламаттыкты сактоо министрлиги берет, бирок талапка ылайык иштебеген борборлордун лицензиясын кайтарып алууга укуксуз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG