Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Сапар Исаков юстиция жана саламаттыкты сактоо министрлерине убакыт берүүнү өтүндү


Ушу тапта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жаңы өкмөт курамын карап жатат. Депутаттардын суроолоруна КСДП фракциясы премьер-министрликке сунуштаган Сапар Исаков жооп берүүдө.

Юстиция министри Уран Ахметов ишти жакшы алып бара албай жатат деген сынга Сапар Исаков ал сабаттуу адис экенин айтып, дагы иштеп көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишине да көп сын айтылып жатат деген суроого Исаков ага да убакыт берүүнү өтүндү.

- Ар бир өкмөт мүчөсүнө так милдеттер коюлат. Аткара албаса кетиребиз. Силерге берген убадаларыбызды аткарганга аракет кылабыз. Коррупцияга малынып, иштебей жүрсө коштошобуз, - деди Исаков. (RK)

XS
SM
MD
LG