Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

АКШлык дипломаттар Кубада "акустикалык чабулга" кабылган


Куба
Куба

АКШнын Кубадагы элчилигинин 16 кызматкери «акустикалык чабуулдан» жабыркашканы кабарланууда.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, Гаванадагы элчиликте иштегендер бул проблемага августтун башында кабылган.

Вашингтон былтыркы жылдын этегинен бери дипломаттарга каршы атайын добуш жабдыктары кодонулуп келген деп эсептейт. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон муну "ден соолукка залака тийгизүү аракети" деп атады. Жооп иретинде АКШ кубалык эки дипломатты өлкөдөн чыгарды.

Кубанын бийликтери өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатат жана бул чабуулга катыштыгы жоктугун айтышууда. АКШнын Гаванадагы элчилиги эки жыл мурда ачылган. Ага чейин дээрлик жарым кылым эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер болгон эмес.

XS
SM
MD
LG