Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кабулдагы терактта бери дегенде 12 киши өлдү


Теракттан кийин. Кабыл. 25-август, 2017-жыл
Теракттан кийин. Кабыл. 25-август, 2017-жыл

Кабулда "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери шииттердин мечитине кол салганда кеминде 12 киши набыт кетти. Полиция жана күбөлөр жардыруу менен автоматтардын добушу угулганын айтышты. Бирок азырынча окуянын чоо-жайы бүдөмүк бойдон калууда.

Ооган ички иштер министри Нажиб Даниш мечитке “террордук чабуул” жасалганын, 14 карапайым киши өлгөнүн же жарадар болгонун, эки полициячынын окко учканы ырасталганын билдирди.

Кабарларга караганда каза болгондордун арасында мечиттин имамы да бар.

Полициянын өкүлү Мохаммад Садык Муради бир нече саатка созулган операцияда кол салган төрт киши тең өлгөнүн айтты. Экөө өздөрүн жардырып жиберишкен, экөөнү коопсуздук күчтөрү жок кылышты.

Баш калаанын полиция бөлүмүнүн жетекчиси болсо жанкечти өзүн мечиттин ичинде жардырып жибергенин маалымдады.

Ал эми айрым күбөлөр куралчан кишилер мечитке кирерде граната ыргытышканын айтып беришти.

"Ислам мамлекети" радикал уюму өзүнүн маалымат булагы аркылуу терактты алар менен байланышы бар Ооганстандагы топ ишке ашырганын билдирди.

Ооганстандагы шиит азчылыгы буга чейин "Ислам мамлекети" уюму жана Талибан өңдүү суннит топторунун бутасы болуп келген.

1-августта эле Герат шаарында шииттердин мечитине чабуулдан кеминде 32 киши өлгөн, 60тан ашууну жарадар болгон. Анда "Ислам мамлекети" террордук уюму кол салууну уюштурганын айткан.

XS
SM
MD
LG