Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Кыргызстан ТИМи жарандарды Техаска барбай коё турууга чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чыгыш жээктерине жакындап келаткан "Харви" бороону жана мындан улам Техас штатынын бир катар аймактарында чукул кырдаал жарыяланганына байланыштуу кыргызстандыктарды бул аймактарга барбай турууга чакырды.

Ошондой эле бул жерлерде жашаган кыргызстандыктарды жергиликтүү бийликтин сунуштарын так аткарууга үндөдү.

Иликтөөчүлөр «Харви» бороону ал жактын убактысы боюнча 25-августтан 26-августка караган түнү болорун жана курмандыктарга, кыйроолорго алып келиши мүмкүндүгүн, соңку он эки жыл ичиндеги АКШдагы эң катуу добул болушу күтүлүп жатканын божомолдогон.

XS
SM
MD
LG