Кыргызстандын Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин 26-августтагы жарлыгы менен Алмаз Үсөнов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
36 жаштагы Алмаз Үсөнов 2012-жылдан бери аталган бөлүмдү жетектеп келген.
Ал эми президенттик аппараттын мурдагы башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги кечээ парламенттин көпчүлүк добушу менен премьер-министр кызматына жактырылып, бүгүн Атамбаев аны бул кызмат ордуна бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. (NT)