Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

АКШ Венесуэлага каршы санкцияны күчөттү


Венесуэла борбору Каракастагы нааразы топтун полиция менен кагылышуусу. 12-июнь, 2017-жыл.
Венесуэла борбору Каракастагы нааразы топтун полиция менен кагылышуусу. 12-июнь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэлага каршы санкцияларды күчөткөн жарлыкка кол койду. Тиешелүү маалымат АКШ Ак үйүнүн сайтында жарыяланды.

Трамптын жарлыгы америкалык финансы институттарына Венесуэла өкмөтү жана мамлекеттик Petróleos de Venezuela мунай компаниясы менен кызматташууга тыюу салат.

Ак үйдүн кабарында Венесуэла президенти Николас Мадуронун диктаторлук бийлиги элди тамак-аш, дары-дармектен ажыратып, демократиялык оппозиция куугунтукталып, сөз эркиндиги тебеленип жатканы жазылган.

АКШ Венесуэла бийлигин демократиялык башкарууну калыбына келтирип, адилеттүү шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Венесуэлада кырдаал июлдун этегинде "конституциялык ассамблея" деп аталган органга шайлоо өткөндөн кийин курчуган. Жаңы саясий орган Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн түзүлгөн. Августтун ортосунда аталган орган оппозициялык парламентти ыйгарым укуктарынан ажыраткан. Батыш мамлекеттеринин көбү жана чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөр, анын ичинде эл аралык уюмдар Венесуэлада демократия баалуулуктары бузулуп жатканын айтышкан.

Апрелден бери өлкөдөгү ички саясий зомбулуктар, каршылык акциялар жана кагылышуулардан 130га жакын кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG