Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Жалал-Абадда "Сабаттуу жазалы" акциясы башталды


Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында кыргыз тилиндеги иш кагаздары канчалык деңгээлде туура жазылып жаткандыгын билүү максатында "Сабаттуу жазалы" акциясы башталды. Сынак кыргыз тилин өнүктүрүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүүгө багытталган. Иш-чараны шаар башкармалыгы уюштурган.

Мамлекеттик тил комиссиясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Үпөл Асаналиеванын айтымында, шаар аймагындагы мекеме-ишканаларда иш кагаздары менен иштеген тиешелүү адистер чакырылган:

- Алгач акцияга 50дөй кызматкер катышты. Биз бул акция менен гана чектелбестен ар тараптуу башка да иш-чараларды уюштурабыз. Муну менен жергиликтүү бийликтерде иштеген кызматкерлердин документ иштерин кыргыз тилинде канчалык деңгээлде даярдап жатышканын билебиз.

Акция мындан ары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында жат жазуу алуу менен улантылат. Жыйынтыгы 23-сентябрь - Эне тил күнүн утурлай чыгарылат. Кыргыз тилин мыкты билгендерге, сабаттуу жат жазуу жазгандарга белектер каралган. (RsK)

XS
SM
MD
LG