Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Лондондогу кол салуу боюнча дагы бир киши кармалды


25-августта Букингем сарайынын жанында канжар көтөргөн белгисиз киши үч полиция кызматкерине кол салган.

Британ полициясы маалымдагандай, Лондондогу Букингем сарайынын жанындагы кол салууга байланыштуу дагы бир киши кармалды.

Полиция 27-августта тараткан билдирүүсүндө "30 жаштагы эркек киши Лондонун батыш тарабында террорчулукка катыштыгы бар деген шек менен кармалды", - деп жазылат.

25-августта Лондондогу Падышанын расмий аксарайынын жанындагы полициянын автоунаасындагы үч полициячыга канжар көтөргөн белгисиз адам кол салууга аракет кылган. Жеңил жаракат алган полициячылар кол салган 26 жаштагы кишини ошол жерден кармашкан. Ал 1-сентябрга чейин убактылуу камакка алынды.

Соңку айларда Британияда бир нече терракт катталды. 3-июнда Лондон көпүрөсүндөгү Боро-маркет районунда топтолгон элди автоунаа тепселеп кеткен. Үч киши машинеден чыгып, ары-бери өткөндөргө бычак менен кол салган. Жети киши каза таап, 50гө чукулу жаракат алышкан.

Бул үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ алган. Кол салган үч адамды полиция өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG