Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Волкер: Украина НАТОго кошулууга даяр эмес


АКШнын Украинадагы атайын чабарманы Курт Волкер.
АКШнын Украинадагы атайын чабарманы Курт Волкер.

Украина азырынча НАТОго кошулууга даяр эмес. Мындай пикирин АКШнын Украинадагы жаңжалды жайгаруу боюнча атайын чабарманы Курт Волкер өлкөнүн "Прямой" деген телеканалына курган маегинде билдирди.

Волкердин эсебинде аскерий альянска кошулуу көп убакытты талап кылат. Ошону менен бирге ал Украина НАТОго кошулууга талап кылынган реформаларды тез аранын ичинде өткөрө аларына ишенерин кошумчалады.

Волкер уюмга мүчө болуу тууралуу чечимди бир гана Украина кабыл аларын белгилеп, Орусия, АКШ жана башка тараптардын бардыгы Киевдин чечимин сыйлашы керек болорун айтты.

14-20-сентябрда өтө турган Беларус менен Орусиянын биргелешкен аскерий машыгуусу тууралуу суроого жооп берип жатып, бул иш-чара батыш мамлекеттери биригип, өзүнүн коопсуздук системасын бекемдеши керектигин жана бардык сценарийлерге даяр болушу зарылдыгын көрсөтүп жатканын айтты.

"Батыш-2017" деген аталыштагы аскерий машыгууларга 13 миңдей аскер тартылары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG