Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Президент кырсыкта жабыркагандар менен жолугат


Өзгөн районунда жер көчкөн аймак.
Өзгөн районунда жер көчкөн аймак.

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табият кырсыгынан жабыркагандар менен жолугуу үчүн бүгүн, 28-августта жумушчу сапар менен аймакка учуп кетти.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев бир күндүк жумушчу сапар алкагында Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылышына да катышат.

Быйыл 29-апрелде Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчүп, жети үйдү басып калган. Андан 24 адам набыт болгон.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга кептелген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG