Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Шайлоо-2017: Дагы үч киши тапшырган колтамгалардын эсеби чыгарылды


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо жарышка катышам деген дагы үч кишинин элден чогулткан колтамгаларынын эсебин чыгарды.

29-августтагы расмий маалыматка ылайык, Азимбек Бекназаров 56 439 колтамга тапшырып, анын 31 369у жарактуу деп табылды.

Адахан Мадумаров тапшырган 42 303 колтамганын 36 128и өттү. Ал эми Эрнис Зарлыков 48 075 колтамга тапшырып, анын 40 510 талапка ылайык деп табылды. Буга чейин президент болом деген ондон ашуун кишинин колтамгалары эсептелген.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, жалпысынан 24 киши колтамга тапшырды:

- Ошол 24 адам мындан ары шайлоо өнөктүгүнүн кийинки этаптарына катышууга укуктуу. Соттулугу, жарандыгы жөнүндө, 15 жыл ичи Кыргызстанда жашагандыгы тууралуу маалыматтарды башка мамлекеттик органдар аркылуу тактап жатабыз.

Колтамгадан тышкары, талапкер болуп катталуу үчүн, 1 миллион сом күрөө коюп, мамлекеттик тилден тест тапшыруу деген эреже бар.

Жарышка ат салышуу ниетин билдиргендер арасынан азырынча төрт киши - Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Темир Сариев расмий талапкер болуп катталды.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага кимдер катышууга укуктуу болору тууралуу акыркы маалымат 9-сентябрда жарыяланат. (SE)

XS
SM
MD
LG