Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Кабулдагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" алды


Кабулдагы Борбордук банктын бөлүмүнүн кире бериши.
Кабулдагы Борбордук банктын бөлүмүнүн кире бериши.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда 29-августта болгон жардырууда беш киши мерт кетип, жарадарлардын саны сегизге жетти. Жардырууну жанкечти ишке ашырганын ооган полициясы маалымдады.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нажиб Даниш окуя калаанын чок ортосунда, АКШ элчилигин имаратынан 500 метр алыстыкта жайгашкан Кабулдун Борбордук банкынын бөлүмүндө болгонун билдирди.

Калаба үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алып, алардын максаты банктан айлык-маянасын алып жаткан коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн жок кылуу болгонун билдирди.

25-августта Кабулдагы шиилердин мечитине жасалган чабуулдан 28 киши набыт болуп, 50дөн ашыгы жарадар болгон. Ал кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму алган.

XS
SM
MD
LG