АКШ Орусия менен Беларустун биргелешкен "Батыш" деп аталган машыгууларынын алдында Прибалтикада аба күчтөрүн көбөйттү. Кошмо Штаттар Литва, Латвия жана Эстония өлкөлөрүнө абадан коргоо бөлүктөрүн жиберди.
Ушул аптада Шяуляй аэродромуна АКШнын F-15C үлгүсүндөгү жети истребители конду. Бул 2014-жылы Крым аннексияланганда НАТО Прибалтика чөлкөмүнө жиберген күчтөрдөн көп. Балтиканын жээгиндеги үч өлкөдө тик учактар жок, мындан улам алар НАТОго ишеним артып жатышат.
Орусия менен Беларустун “Батыш” деп аталган машыгуусу 14-20-сентябрда өтөт. Кремл ири масштабдагы машыгуу коргонуу дараметин сыноо максатында өтөрүн белгилегени менен бул аракет чөлкөмдө тынчсыздануу жаратууда. Орусия менен Беларус машыгууга 12700 аскер катышарын айтып келет. Бирок Батыштагы аскер адистери иш жүзүндө маневрга 100 миңге чейин жоокер тартылышы мүмкүн дешет.