Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Сапар Исаков Оштун таза суу долбоору үчүн айыптууларды табууну тапшырды


Ош шаарын таза суу менен камсыздоо көйгөйү чечиле элек
Ош шаарын таза суу менен камсыздоо көйгөйү чечиле элек

Өкмөт башчы Сапар Исаков Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун үзгүлтүккө учураткан кызматкерлерди аныктоону талап кылууда. Бүгүн ал Оштун таза суу системасын модернизациялоо долбоорунун аткарылышы жана "Плотина" суутоптомосунун абалы менен таанышып чыкты.

Жергиликүү бийлик өкүлдөрү бул долбоор 2012-жылы башталганын, ага 11,8 млн доллар багытталып, бирок баштапкы этаптарындагы иш талапка жооп бербей калгандыктан шаарды таза суу менен камсыздоо маселеси алигүнчө чечилбей жатканын айтып беришти.

Сапар Исаков мындайга жол берилбеши керек болчу деп, тартип коргоо органдарына көйгөйдү ийне-жибине чейин териштирип чыгууну тапшырды.

Шаар калкы расмий 300 миң адам дегени менен 500 миңге чамалап калганы, таза суу маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири экени көптөн бери айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG