Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Ырчы Элмира Кайып кызынын сөөгү жерге берилди


Элмира Кайып кызы
Элмира Кайып кызы

Кыргыз эстрада ырчысы Элмира Кайып кызы жерге берилди. Ырчы менен коштошуу зыйнаты Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушунда өтүп, сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Кайып кызы менен коштошууга туугандары, жакындары жана айрым кесиптештери катышты.

Элмира Кайып кызы 31-августта 42 жашында каза болгон. Анын жакындары жүрөгү кармап, инфракт болгонун айтышууда.

Ырчы 1975-жылы Жети-Өгүз районунда туулган. Улуттук филармониянын эстрадалык студиясын жана Искусство институтун аяктаган.

Акыркы жылдары Чек ара кызматынын ыр-бий ансамблинин солисти болуп иштеп келген.

Элмира Кайып кызынын аты Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде", ырчы Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” аттуу ырлары менен элге кеңири тараган. Мындан сырткары “Сүйүү ыры”, "Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы", "Жылдыздуу түн" жана башка ырлары менен таанымал болгон.

Маркумдун артында бир кызы калды. (ZA)

XS
SM
MD
LG