Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Астанада индиялык жана казакстандык курулушчулар ортосунда чыр чыкты


Жаңжалды басууга полициянын атайын багыттагы отряды тартылlды.
Жаңжалды басууга полициянын атайын багыттагы отряды тартылlды.

Казакстандын борбору Астанада ишемби күнү кечинде жапырт мушташ чыкты. Полициянын маалыматы боюнча, жаңжал “Абу-Даби Плаза” деп аталган соода борборун куруп жаткан индиялык жана жергиликтүү курулушчулардын ортосунда болгон. Жаңжалды басууга полициянын атайын багыттагы отряды тартылып, курулушка жакын бир нече көчө жабылды.

Жаңжал боюнча тартылган сүрөт, тасмалар социалдык тармактарга жарыяланып, көптөгөн талкууларды жаратты.

Мындан соң Казакстандын маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев жана Астананын акими Асет Исекешов комментарий берип, жаңжал басылганын кабарлап, тургундарды “ар кыл чагымдарга алдырбоого” чакырышты.

Казак полициясынын маалыматы боюнча, чыр күзөтчүнүн мас абалындагы индиялык курулушчуну соода борборунун имаратына киргизбей койгонунан башталган. Мындан соң индиялыктар жергиликтүү күзөтчүнү сабап коюшкан. Ошондон кийин 30дан ашык киши катышкан жапырт мушташ башталган.

Жаңжалды жайгарууга Индиянын Казакстандагы элчиси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келишти.

Учурда чырдын себептери жана күнөөлүүлөр аныкталып жатканын укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Астанадагы “Абу-Даби Плаза” соода борборунун курулушу 2010-жылдан бери жүрүп келет. Өкмөттүк имараттарга жакын жайгашып, Борбор Азиядагы эң бийик имарат болот делген борбордун курулушу быйыл бүткөрүлөрү айтылган.

XS
SM
MD
LG