Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Генерал Чотбаев катышкан жол кырсыгында эки адам каза болду


Чүй облусундагы Бишкек-Торугарт жолунун 40 чакырымында орун алган автокырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыкта “Тойота Ленд Крузер” жана “Мазда” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Андан “Маздадагы” эки жүргүнчү мүрт кеткен. Дагы беш адам ооруканага жаткырылып, бир адамдын абалы өтө оор экени кабарланды.

“Тойота Ленд Крузер” жол тандабасын Улуттук гвардиянын мурдагы кол башчысы, генерал Абдыгул Чотбаев башкарып бараткан. Ал учурда ооруканада.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, кырсыкка “Мазда” үлгүсүндөгү унаанын жолдун каршы тилкесине чыгып кеткени себеп болгон.

Учурда кырсыктын себептери жана башка жагдайлары аныкталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG