Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Москвадагы элчилигине нааразылык нотасын тапшырды. Анда Кремл АКШнын бийликтеринин Вашингтондогу орус соода өкүлчүлүгүнүн кеңсесин тинтүү аракеттерине нааразылык билдирип, АКШнын аракеттери “теңдешсиз, агрессивдүү акция” деп аталган.
31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу башкы консулдугун, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган.
Ак үйдүн расмий өкүлү Хизер Нойерт АКШда Орусиянын төрт консулдугу, ал эми Орусияда Кошмо Штаттардын үч эле консулдугу иштегендиктен Вашингтон “паритеттүү негизде” мындай кадамга барып жатат деп түшүндүргөн.
Москва муну өз кезегинде Конгресстин антиорусиялык санкцияларынан кийин көрүлгөн чара деп түшүндүргөн.
Бирок мындан соң орус бийликтери АКШ жабыла турган дипломатиялык мекемелерди тинтүүнү көздөп жатканын айтып, нааразылыгын билдирген эле.