Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Усупбекова: Шайлоо алдында сөз эркиндигине кысым болууда


Айнура Усупбекова
Айнура Усупбекова

Административдик ресурс жана добуш сатып алуу менен катар журналисттерге жана айрым саясатчыларга карата жасалып жаткан кысым президенттик шайлоонун кооптондуруучу факторлорунун бири болууда. Бул тууралуу бүгүн “Жарандык платформа” уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова билдирди.

Анын айтымында, административдик ресурсту колдонууга каршы мыйзамдуу чаралар жетиштүү болгону менен шайлоочулардын добушун сатып алууну далилдөө, ага бөгөт коюу жагынан мыйзам уруксат берген чаралар жетишсиз.

Ошону менен катар, Айнура Усупбекова белгилегендей, маалымат жана саясий атаандаштар айдыңындагы абал да кооптондурууда:

- Маалыматтын бир жактуулугу азыр абдан байкалып турат. Альтернативдүү маалымат берген каналдар жабылууда. Бул – “Сентябрь” телеканалы. Журналисттер редактордук цензурага кабылып жатат.Талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлгөн жок. Текебаевдин окуясын алсак болот.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди орус жаранынан 1 миллион доллар пара алган деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал өзү бул айыптоону оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келет. Ал президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз берген, бирок чогулткан колтамгалары талапка жооп бербейт деп жарыштан четтетилген.

Оппозициялык “Сентябрь” телеканалы экстремисттик маалымат тараткан деген негизде өткөн айдын соңунда жабылды.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Бийликтеги КСДП партиясы бирдиктүү талапкер кылып мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөтүүдө.

“Жарандык платформа” уюмунан быйылкы президенттик шайлоого добуш берүү күнү 500 байкоочу көз салмай болуп жатат. Мындан тышкары өткөн айдын ортосунда ишке киришкен 15 байкоочу шайлоо жараянына узак мөөнөт байкоо жүргүзүп, жыйынтыгы чыкканча иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG