Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Индияда аял журналисттин өлтүрүлүшү нааразылык жаратты


Нью Дели шаарында өткөн акциядан сүрөт, 6.09.2017
Нью Дели шаарында өткөн акциядан сүрөт, 6.09.2017

Индияда журналисттер менен укук коргоочулар 55 жаштагы Гаури Ланкеш киши колдуу болгондон кийин нааразылык акцияларына чыгышты.

Оппозициялык журналист өлкө бийликтеринин жана премьер-министр Нарендра Модинин оңчул партиясына байланышкан улутчул лидерлердин дарегине айткан курч сын-пикири менен таанымал болчу.

Өлкөнүн ар кайсы шаарларында нааразылык акциянын уюштурган журналисттик бирикмелер Ланкештин өлтүрүлүшүн басма сөз эркиндигине сокку деп баалашты.

Киши колдуу болгон журналист Индиянын түштүк чыгышында сүйлөнгөн каннада тилинде жумалык берүү чыгарып турган. 2016-жылы Ланкеш жалаа жабууга айыпталып, алты айга абакка камалган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулган.

5-сентябрда Гаури Ланкешти Бангалор шаарындагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG