Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Трамптын уулу Весельницкая менен жолугушканын Сенатка айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамптын тун уулу Дональд Сенаттын юридика комитетиндеги жабык аңгемелешүүдө өткөн жылы орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен жолукканын маалымдады. Айтымында, жолугушууда атасынын президенттик шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтонго "компромат" маселеси талкууланган. Дональд Трамп орусиялык адвокат менен шайлоо алдында Хиллари Клинтондун "президенттик кызматка ылайыктуулугу, мүнөзү же квалификациясы" боюнча маалыматтарды чогултуп жүргөнүнө байланыштуу болгонун айтты деп жазды "Нью-Йорк таймс".

Ошол эле учурда Трамп башка өлкөнүн өкмөтү менен сүйлөшүүгө барган эч кимди билбей турганын ырастады.

Аңгемелешүүгө айрым сенаторлор да катышты. Демократ Ричард Блументал Дональд Трамп Сенаттын ачык комитетине да маалымат берет деп үмүт артууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG