Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

“Саякбай” тасмасынын бет ачары өттү


Башкы ролдордо Эльдар Айтматов менен Марат Жанталиев
Башкы ролдордо Эльдар Айтматов менен Марат Жанталиев

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 24-августта Канадада өткөн. Ал эми Бишкекте буга чейин чакан чөйрө үчүн гана көрсөтүлгөн эле. Бет ачарга кино сүйүүчүлөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, саясатчылар катышты. Экс-президент Роза Отунбаева тасманы жогору баалады.

Буга чейин аталган тасма эл аралык Монреал кинофестивалынын "Мыкты инновациялар үчүн" категориясында "Алтын Зенит" сыйлыгына татыган.

"Саякбай" фильминин режиссеру - Эрнест Абдыжапаров. Тасманы тартуу иштери "Саякбай манасчы" коомдук фонду тарабынан каржыланып, "Кыргызфильм" студиясы техникалык жактан колдогон.

"Саякбай" тасмасы атактуу манасчы, ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин таланты жана манасчылык өнөрү тууралуу баяндайт. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан-аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Саякбай манасчынын ролун белгилүү артист Марат Жанталиев, ал эми Чыңгыз Айтматовдун ролун анын уулу Эльдар Айтматов аткарган.

Мындан ары тасма жергиликтүү кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.(ZA/ZKo)

XS
SM
MD
LG