Кубанын метеорология институтунун маалыматына караганда, Ирма бороону өлкөнүн Камагуэй провинциясынын түндүгүндөгү Кайо-Романа аралына жетти. Ылдамдыгы саатына 260 чакырымга жеткен шамал Кубанын түндүк-батышындагы жээкти бойлой баратканы кабарланган. Учурда Кубанын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп, байланыш начарлады. Элди коопсуз жайга чыгарып кетүүгө жол тыгындар жана май куюучу жайлардагы кезек, майдын таңкыстыгы себеп болууда.
Ирма бороонунан Кариб аралдарында каза болгондордун саны 22ге жетти. Бул тууралуу Кариб чөлкөмүн көзөмөлдөгөн Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги маалымдаган. Кубаттуулугу эң жогорку - бешинчи даражага жеткен бороон АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды. Жергиликтүү бийлик 5,6 млн. тургунду коопсуз жайга чыгып кетүүгө буйрук берди. Бул жалпы калктын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.
Ылдамдыгы саатына 250 чакырымга жеткен шамал менен коштолгон бороонду АКШнын Улуттук бороондор борбору "эң кооптуу, кыйратуучу потенциалы бар" категориясына киргизди. Рейтердин маалыматында, бороондон улам 50 миңден ашуун турист өлкөдөн чыгып кетти.
Буга чейин Флорида штатынын губернатору аймактагы жыйырма миллиондой тургун коопсуз жайларга чыгып кетүүгө даяр туруусун эскерткен.
Өткөн аптада эле АКШнын Техас штатынын бөлүктөрүнө Харви бороону сокку уруп, АКШ Конгресси 6-сентябрда анын кесепеттерин жоюуга 7,9 миллиард доллар бөлгөн. (КЕ)