Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Кадамжайда жол кырсыгынан бир үй-бүлө каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Алар 44, 43 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана 1 жаштагы балдары. Тартип коргоо органдарынын айтымында, алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор жараат алып ооруканага жеткирилген.

Облустук милициянын маалыматына карганда, окуя 9-сентябрдын кечинде болгон. "Мерседес-Бенц" микроавтубусу менен "Матиз" үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Маршруткадагы жүргүнчүлөргө медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эми "Матиз" үлгүсүндөгү унаадагы каза болгон үй-бүлө Орозбеков айыл аймагынын тургундары болгон.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан тарта 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Андан үч жүздөн ашуун киши набыт болуп, төрт миңдей адам жабыркаган. Кайгуул кызматкерлери мунун көбү мас абалында унаа айдагандан болгонун айтышкан.(КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG