Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Коопсуздук кеңеши: Кара-Суудагы шайлоодо мыйзам бузгандар жазаланат


Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши бүгүнкү жыйынында Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн шайлоодо мыйзам бузгандарды аныктап, жоопко тартуу керек деген чечимге келди. Бул тууралуу жыйын аяктагандан кийин "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Раззаков билдирди.

Ошондой эле, анын айтымында, президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонууга бөгөт коюу чечими кабыл алынды.

Бүгүнкү отурумунда Коопсуздук кеңеши 15-октябрда өтө турган шайлоого даярдыкты талкуулады жана добуш берүү күнүнө чейин дагы бир жолу чогулууну чечти.

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 3-сентябрда өткөн. БШК 9-сентярда анын жыйынтыгы жөнүндөгү протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алган. 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыккан. Андан кийин 752 добуш менен "Мекеним Кыргызстан", 573 добуш менен "Кыргызстан" саясий партиясы турат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 344, "Республика" 306, "Бир бол" 13 добушка ээ болгон.

Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болгонун кабарлашкан. Алардын айтымында, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет жасаган. Мындан сырткары бир шайлоо бөлүмүнүн төрайымы жалаң КСДП партиясына добуш берген жыйырмадан ашык бюллетенди ачык көтөрүп жүргөнү андагы шайлоонун тазалыгынан шек жаратканы айтылган.

Бул окуяга байланыштуу БШК чырды иликтөө боюнча Ички иштер министрлигине кат жолдогон. Ал эми БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана БШКнын райондогу өкүлүнө мыйзам бузууларды иликтеп, чара көрүүнү талап кылган кат менен кайрылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG