Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Мексикадагы зилзалада каза тапкандар саны 90го жетти


Жер титирөөдөн кийинки көрүнүш. 10-сентябрь, 2017-жыл.
Жер титирөөдөн кийинки көрүнүш. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирүүдө.

Сейсмологдордун эсебинде, очогу Тынч океандын түбүндө, Мексиканын жээктерине жакын аймакта 7-сентябрда болгон зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 8,2 баллга жеткен.

Аймактан түшкөн кабарларда айтылгандай, негизги зилзаланын артынан утур-утур кайталанган жер силкинүүлөрдөн улам имараттар дагы кыйрайбы деген кооптонуулардан улам 10-сентябрда да көптөгөн адамдар түндү ачык асман алдында өткөрүштү.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, негизги зилзалдан кийинки жер силкинүүсү 60тай ирет кайталанып, алардын күчү 4,5 балл же андан жогору болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG