Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Таласта жумушсуздардын 57 пайыздан көбүн жаштар түзүүдө


Талас облусу боюнча 3375 адам жумушсуз болсо, анын 57 пайыздан көбү жаштар.

Бул тууралуу Талас шаарында өткөн «Жаш тилек» облустук жаштар форумунда айтылды.

Кесиптик билим берүү боюнча эксперт Эмил Жамакеевдин маалыматына караганда, жумушсуздардын 12,5 пайызын жогорку билимдүүлөр түзөт. Ал кошумчалагандай, эмгек базарынын суроо-талабына ылайык адистердин жоктугу жумушсуздуктун негизги себеби болууда. Маселен, Таласта IT кызматкерлери жетишсиз экени маалым.

Социалдык өнүгүү министрлигинин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда 201 миң адам жумушсуз жүргөн. Бул экономикалык активдүү калктын 8%. Алардын арасынан 87 миңи гана жумушсуз катары расмий каттодо турат. (AlS)

XS
SM
MD
LG